27-ноябрь, эртең өлкөдө тарыхый окуялардын бири орун алганы турат. Бул ЖККУнун Кыргызстандагы саммити. Өлкө өзүнүн төрагалыгын жыйынтыктап, бул милдетти Россия Федерациясына өткөрүп бергени турат. Тарыхый окуяга адаттагыдай эле мүчө мамлекеттердин лидерлери катышат. Күндүн темасы терроризм, экстремизмге жамааттык жалпы коопсуздук маселелери болмокчу.
Ошондой эле бул саммитте төрагалыка талапкерди Кыргызстан сунушташы керек. Чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыздаган бирден-бир маанилүү уюмдун орду, жаңы чакырыктарга болгон алакасы, мамлекеттер биримдигин чыңдап, аймакта сырттан келген баңги соодасы, терроризм сыяктуу терс көрүнүштөрдү болтурбоого жасалган бирдиктүү аракети тууралуу баарлашабыз.Мындан сырткары саммитти утурлай РФ лидери В.В. Путин ири курам менен Кыргызчтанга келди.
Бул мамлекеттик иш-сапрадын мааниси, өлкө үчүн таасири жана келечеги тууралуу эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча өз пикирин "Күн башат" уктуруусунун алкагында дипломат, профессор Аликбек Жекшенкулов билдирди.