Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилерине үгүт иштерине аралашпоону эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрүп мамлекеттик кызматтардын жетекчилерине үгүт иштерине аралашпоо керектигин эскертти. Министрлер кабинетинин төрагасы эскертүүгө көнбөй, үгүт ишине аралашкан айрым аймактардагы кызматкер жумуштан алынганын да билдирди. Анын айтымында, ар бир жаран өзү татыктуу деп эсептеген талапкерди — эч кимдин басымы, кийлигишүүсү же сатып алуусу жок — эркин тандоого тийиш. “Биз эч бир талапкерди колдобойбуз жана сүрөбөйбүз. Эл өзү татыктуу деп шайлап берген депутат менен иштейбиз. Урматтуу мекендештер, сиздерди алдыдагы шайлоого активдүү катышып, тандоо кылууда жаңылбай, жоопкерчиликтүү болууга чакырам”, - деди Касымалиев.
Улуттук банктан эсептик чен 11 пайызга чейин чейин жогорулагандыгын билдиришти. Инфляция деңгээли 2025-жылдын башталышынан тартып 7,3 пайызды, жылдык мааниде 8,9 пайызды түзгөн. Импорттолуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын наркынын, электр энергиясынын тарифи жогорулап, мындан улам азык-түлүктөн башка товарларга баанын жогорулашы байкалып жатканы белгиленген. "Ал эми азык-түлүккө баа салыштырмалуу орточо өсүштөгү динамиканы көрсөтүүдө", — деп айтылган маалыматта. Эскер те кетсек, эсептик чен — өлкөдөгү насыя жана депозиттердин пайыздык ченине таасир этүүчү негизги көрсөткүч.
Кыргызстанда 50-55 кабаттуу үйлөрдү курууга болот. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу басылмалардын бирине маек куруп жатып билдирген. Анын айтымында, буга чейин жеке компаниялар максималдуу 27 кабат менен чектелип, асман тиреген имараттарды куруу жоопкерчилигин мойнуна алуудан коркуп келишкен. Бирок, кырдаал өзгөрдү. "Жакында 40 кабаттуу турак үйдүн курулушуна старт берилди. Жер титирөөгө туруктуулук жана башка параметрлер боюнча бардык анализдер жүргүзүлүп, жыйынтыктары оң чыкты", — деди Иманакун уулу. Ошондой эле ал Кыргызстанда 50 жана андан да жогорку кабаттуу үйлөрдү курууга болорун кошумчалады.