БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Евробиримдиктин Украинада тынчтыкка жетишүү үчүн койгон шарттары акылга сыйгыс экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал буга чейин Урсула фон дер Ляйен ЕБ өлкөлөрүнүн жетекчилери менен жолугушуудан кийин Украинада тынчтыкка жетишүү үчүн коюлган шарттарды атаганын эске салды. Захарова ошондой эле Европа биримдиги чек араларды күч менен өзгөртүүгө болбойт деген позицияда экенин билдирген.
"Урсула Косово тууралуу билсе керек. Дал ушул Батыш серб элинин эркине каршы Сербиянын чек арасын бир тараптуу өзгөртүүнү жарыялап, аны күч менен ишке ашырган", — деп эске салды Захарова.
Ал "Украина өзүнүн куралдуу күчүн чектей албайт" деген Европанын билдирүүсүн эгемен мамлекеттин куралдуу күчтөрү тууралуу чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн тануу катары сыпаттады. Захарова кайсы бир кезде Германия ушундай чектөөлөрдү өзү үчүн кабыл алганын эске салып, фон дер Ляйен немец болсо муну жакшы билиши керектигин белгиледи.
Фон дер Ляйен ошондой эле "Украина үчүн тынчтыкты камсыз кылуудагы Евробиримдиктин ролу толук чагылдырылышы керек" деген билдирүү жасаган. Захарова буга Евробиримдик качантан бери Украинадагы тынчтыкты камсыздап калганына кызыкты.
"Бул өтө маанилүү суроо. Анткени Брюсселдин айнымасы башталган күндү белгилеп коюшубуз керек. Анан, мүмкүн болсо, буга ким кандай негизде жооп берерин тактап коюшса жакшы болот", — деди ал.
Захарова, мындан тышкары, "Украина Европаны тандады" деген билдирүүнү болбогон кеп деп атады.
"Украинанын мыйзамдуу түрдө шайланган президенти Виктор Янукович ошол кезде ал жетектеген өлкө евроинтеграция боюнча келишимди токтотууга аракет кылганы, анткени Украинанын экономикасы жана мыйзамдары Евробиримдикке кошулууга даяр эмес экенин жар салганы баарыбыздын эсибизде. Ошол замат Батыш дагы бир Майданды ишке киргизип, 2014-жылдагы Конституцияга каршы төңкөрүш жасатып, акыры Киевде неонацисттик режимди орнотту", — деди Захарова.
Эске салсак, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 23-ноябрда Евробиримдик Украинанын чек арасын өзгөртүүгө каршы экенин жана анын Куралдуу күчтөрүн алсырата турган чектөөлөрдү колдобой турганын билдирген. Жетекчинин айтымында, шейшембиде Евробиримдик менен "каалоочулар коалициясынын" өкүлдөрү Украина боюнча сүйлөшүүлөрдү талкуулашат.
АКШнын администрациясы Украинадагы абалды жөнгө салуу планын иштеп чыкканын мурда жарыялап, анын чоо-жайын азырынча талкуулабай турганын, анткени иш дагы деле уланып жатканын белгилеген. Ал эми Кремль Россия сүйлөшүүлөргө ачык экенин жана Анкоридждеги талкуу платформасында каларын билдирди.
РФ президенти Владимир Путин 21-ноябрда Россиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, АКШнын планы акыркы тынчтык келишимине негиз боло аларын, бирок бул текст учурда Россия менен кеңири талкууланбай жатканын билдирген.