Владимир Путин Бишкекке келип түштү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Бишкекке келип түштү.
РФ лидерин "Манас" аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Коноктун урматына кызыл килем төшөлүп, боз үйлөр тигилип, улуттук музыка жаңырып, бийчилер бийлеп турушту.
Путин бул сапар ири делегация менен келди. Алардын арасында мамлекеттик кызматкерлерден сырткары ишкерлер да бар. Алар алгач Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, андан соң президенттер "Ала-Арча" резиденциясында бейрасмий форматта баарлашат.
1 / 4

РФ лидерин "Манас" аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды

2 / 4

Коноктун урматына кызыл килем төшөлүп, боз үйлөр тигилип, улуттук музыка жаңырып, бийчилер бийлеп турушту

3 / 4

Путин бул сапар ири делегация менен келди. Алардын арасында мамлекеттик кызматкерлерден сырткары ишкерлер да бар.

4 / 4

Алар алгач Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, андан соң президенттер "Ала-Арча" резиденциясында бейрасмий форматта баарлашат

Расмий сапар 27-ноябрга чейин уланат.
Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган сапарынын программасы белгилүү болду