Улуттук банк инфляцияны төмөндөтүү үчүн эсептик ченди 11%га чейин көтөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Улуттук банктан эсептик чен 11 пайызга чейин чейин жогорулагандыгын билдиришти.
Инфляция деңгээли 2025-жылдын башталышынан тартып 7,3 пайызды, жылдык мааниде 8,9 пайызды түзгөн. Импорттолуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын наркынын, электр энергиясынын тарифи жогорулап, мындан улам азык-түлүктөн башка товарларга баанын жогорулашы байкалып жатканы белгиленген.
"Ал эми азык-түлүккө баа салыштырмалуу орточо өсүштөгү динамиканы көрсөтүүдө", — деп айтылган маалыматта.
Эсептик чен — өлкөдөгү насыя жана депозиттердин пайыздык ченине таасир этүүчү негизги көрсөткүч. Эгер эсептик чен жогору болсо банктар үчүн акча кымбаттайт, демек, калк жана бизнес үчүн насыя да кымбат болот. Мында жарандар жана бизнес аз карыз алат, чыгымы аз болот. Натыйжада акча жүгүртүү азайып, суроо-талап төмөндөйт. Товарлар менен кызматтардын баасы жай өсөт же түшөт. Демек, инфляция басаңдайт.
Улуттук банк 173,9 млн. доллар сатты