Сасык тумоологондордун 90%ы — балдар. Бишкектеги абал боюнча соңку маалымат

Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына бир күндө 421 бейтап кайрылып, анын 163ү жаткырылды. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ооруканада жылдагыдай эле кошумча керебеттер даярдалган.
"Келгендерди "орун жок" деп кайра жөнөткөн жокпуз. Жылдагыдай эле кошумча керебеттер даярдалган. Чынында кезек көп. Анткени балдарды ата-энеси же башка туугандары алып келет. 10-15 бала болсо, коштоочулар менен 30дан ашып, коридорлордо киши көп көрүнүүдө. Биз биринчи кезекте дене табы көтөрүлүп, калтырак баскан же дем алуусу кыйындаган балдарды кабыл алабыз", — деди Аалиев.
Дарыгер жөн эле консультация үчүн келип, көрүнүп кетели дегендер да көп экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай бейтаптар өз аймагындагы медициналык жайларга кайрыла алат.
Эскерте кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри ооруканаларды кыдырып, сезондук сасык тумоонун күчөгөн учуру адатта декабрь айына туура келерин, министрлик стационарлардын жүгүн жеңилдетүү үчүн кошумча чараларды көрүп жатканын билдирген.
Министрлик сасык тумоонун күчөгөн учуруна карап кошумча чараларды көрүүдө