БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрү өткөн түнү Россиянын түштүк аймагына учкучсуз учуучу аппараттар менен ири чабуул койду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматта соккуга Ростов облусу менен Краснодар крайы кабылганы айтылат. Мындан Таганрог шаары катуу жабыркады. Губернатордун айтымында, чабуулдан үч киши каза таап, 10 адам жаракат алган. Көп кабаттуу эки үй, бир турак жай, колледж, бала бакча жана эки өнөр жай ишканасы бузулган.
Краснодарда дрондун сыныгы турак жайга түшкөн. Алты тургун жабыркап, 20дай турак үй талкаланган.
Новороссийскиде төрт киши жаракат алганы айтылды. Шаарда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылган.