БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга келген Россия лидери Владимир Путин "Манас" аэропортунан түз эле Жеңиш аянтына барып, Өчпөс отко гүлчамбар койду.
Аны менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кошо барды.
Путин мамлекеттик сапардын алкагында ири делегацияны ала келген. Алардын арасында расмий кызматкерлерден сырткары ишкерлер да бар.
Мамлекеттик сапар 27-ноябрга чейин уланат.