БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШнын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планынын тексти өзгөргөнүн билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мурда бизге бейрасмий түрдө берилген текст азыр өзгөрүүгө дуушар болгонун түшүнүп турабыз", — деди ал.
Кремлдин өкүлү тынчтык демилгесинин айланасындагы кырдаалды маалыматтык ызы-чуу катары баалады. Анын айтымында, Владимир Путин менен Дональд Трамптын Анкориджде жетишилген макулдашууларынын негизинде түзүлгөн долбоор Москвага берилген.
АКШнын тынчтык демилгеси жана европалык "өзгөртүүлөр"
Өткөн аптада Кошмо Штаттардын администрациясы Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык демилгесин иштеп чыкканын жарыялаган. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, бул планда Донбасстын бүт аймагын Москванын карамагына өткөрүү жана Крымды кошо Россиянын аймагы катары расмий таануу, Запорожье, Херсон облустарындагы кагылышууну жүрүп жаткан жеринен токтотуу камтылган. Мындан тышкары, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн санын эки эсе кыскартуу, Россиянын аймагына терең сокку урууга жөндөмдүү чет элдик аскерлерди жана курал-жаракты Украинага киргизүүгө тыюу салуу каралган.
23-ноябрда Женевада Евробиримдиктин, АКШ жана Киев өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү болуп, анда америкалык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланган. Reuters жана The Telegraph агенттиктери өзгөртүүлөрдүн эки версиясын жарыялашты. Биринчиси боюнча Евробиримдик Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын 800 миң деп белгилөөнү сунуштаса, экинчисинде эч кандай чектөө жок.
Запорожье АЭСи боюнча Reuters агенттигинин маалыматына караганда, аны МАГАТЭнин көзөмөлү астында кайра иштетүү сунушталып, өндүрүлгөн электр энергиясы Россия менен Украинанын ортосунда тең бөлүштүрүлөт. Ал эми Telegraph жарыялаган сунушта заводду толугу менен Киев режиминин карамагына берүү көрсөтүлгөн.
Айрым булактардын айтымында, европалык планда Украинага тынчтык мезгилинде НАТО күчтөрүн киргизүүгө тыюу салынат, ал эми башка маалыматтар боюнча, чет элдик аскерлердин кириши боюнча чечимди Киев кабыл алат. Ошол эле маалда эки медианын тең билдирүүсү боюнча, Евробиримдиктин планында фронт линиясындагы жаңжалды токтотуу каралган. Бул АКШнын Украина куралдуу күчтөрүн Донбасстан чыгаруу планынын башкы пунктуна карама-каршы келет.