БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) кооптуулуктарга ыкчам чара көрө турганын тышкы күчтөр дагы түшүнүп турат. Бул тууралуу мамлекеттик ишмер Токон Мамытов Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, ЖККУ ар кандай террордук топторду жана тышкы күчтөрдү токтотуп туруучу факторго ээ.
"ЖККУ ар кандай террордук топторду жана тышкы күчтөрдү токтотуп туруучу факторго ээ. Борбор Азияда биргелешкен куралдуу кошуундар жок. ЖККУда болсо ыкчам чара көрүүчү топтор бар. Алардын планы бекитилип, президенттер менен макулдашылган. Бирдеме болсо баягы 1999-жылдагыдай болбой, ЖККУ чара көрө турганын тышкы күчтөр дагы түшүнүп турат", — деди Мамытов.
Эске салсак, Бишкекте 26-27-ноябрда ЖККУнун саммити өтүп, Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын президенттеринин келиши күтүлүүдө. Өлкө лидерлери жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоо башында турган бир топ маселени талкуулайт.