БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда үгүт иштерине аралашкан мамлекеттик кызматкерлер иштен алынууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал бүгүнкү аппараттык кеңешмеде эл талапкерлерди эч кимдин басымы, кийлигишүүсү же сатып алуусу жок эркин тандоого тийиш экенин белгилеген.
"Мамлекеттик кызмат органдарынын жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштерине аралашпоону дагы бир жолу эскертем. Мындай ишке катышкан айрым аймактардагы кызматкерлерди жумуштан алган учурлар болду", — деди ал.
Касымалиев өкмөт эч бир талапкерди колдобой турганын, эл кимди шайласа ошолор менен иштеше берерин кошумчалады.