БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик органдарга коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы кирет. Президенттин бул тууралуу жарлыгы "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, кызмат 2026-жылдан баштап УКМК, Соцфонд жана башка атайын органдардан башка бардык министрлик жана ведомстволорго киргизилет. Ыйгарым укуктуу өкүл Башкы прокуратурага баш ийип, ар бир мекемеде профилактикалык көзөмөл жүргүзүп турат.
Жаңы кызматкер үчүн кабинет, техника жана документтик системага жеткиликтүүлүктү тиешелүү мекемелер камсыздамакчы.