БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкекте эртең жана бүрсүгүнү ЖККУнун саммити өтүп, Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын президенттеринин келиши күтүлүүдө. Бул туурасында мамлекет башчынын администрациясынан билдиришти.
Аталган уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы катары президент Садыр Жапаров кезектеги жыйынды өткөрөт.
Жыйында Владимир Путин, Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоодон тарта бир топ маселени талкуулайт.
"Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара иш алып барууларын өркүндөтүүгө, аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылууда", — дешти администрациядан.
Айтмакчы, 26-27-ноябрдагы бул иш-чара ЖККУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болмокчу.