БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкекте Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы "Маяк" аталышындагы профилактикалык рейд жүргүзүүүдө.
Анын алкагында борбор калаанын көчөлөрүнөн тез жардам машинасы өтүп, артынан патрулдук милиция коштоп жүрөт. Максаты — дароо өткөрүлүшү керек болгон атайын унааларга айдоочулардын реакциясын текшерүү.
"Атайын жарыктары жана сигналдары иштеп келе жаткан Тез жардам кызматына жол бошотуп бербеген автоунаалар дароо токтотулууда. Ошондой эле жеринде тийиштүү протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", — дешти милициядан.
Рейддин алкагында салынган айып пулдун суммасы 140 миң сомдон ашты.