АКШнын тынчтык планы. Ак үй калпыс маалыматтар көбөйүп кеткенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. АКШ Украинада тынчтык орнотууга аракетин баштагандан бери анын айланасында калпыс маалыматтар, ушак-айың, күнөөлөө көбөйүп кетти. Бул тууралуу америкалык администрациянын маалымат катчысы Каролин Левитт журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
"Кошмо Штаттар бир тарапка ыктоо менен диалог жүргүзүп жатат деген сөз таптакыр чындыкка коошпойт. Тынчтык орносун деп аракет кылып жүргөн мамлекеттик катчы Марко Рубионун, атайын өкүл Стив Уиткоффтун, президент Дональд Трамптын дарегине айтылган жалган маалыматтарды, ушактын деңгээлиндеги сөздөрдү көрүп-угуп жатабыз. Аларды тирешкен тараптын биринин кызыкчылыгын көздөп жатат дешүүдө. Чынында андай эмес", — деди Левитт.
Ал талкууга катышкан украин тараптын пландын түзүлүшүнө салымы чоң экенин белгилеп, АКШ эки тарап менен тең тыгыз байланышта экенин кошумчалады. Левиттин айтымында, пландын көп жери макулдашылып бүткөн, талкуу бир-эки пунктунун айланасында жүрүүдө. Киев кошумчасын киргизди, эми сунуш боюнча пикирин Россия билдириши керек.
Ак үйдүн өкүлү АКШнын Украинада тынчтык орнотуу аракетин сындап жаткандарга да жооп берип, аларды жаңжалдын уланышына кызыкдар тараптар деп сыпаттады.
"Мындай сын эмнени айтып-деп жатканын түшүнбөгөн, болбосо өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн же согуштун аякташын каалабаган адамдардан чыгат деп ойлойм. Балким, ушундан акча таап, кандайдыр бир пайда көрүп жатышкандыр", — деди Левитт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль АКШнын Украина боюнча планын ЖМКлар аркылуу талкуулоону каалабайт