БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. АКШ президент Дональд Трамптын чечими менен Украинаны каржылоону токтотуп, бирок НАТОго курал сатууну улантып келет. Бул туурасында Ак үйдүн өкүлү Каролин Левитт айтканын РИА Новости жазды.
Буга чейин Трамптын АКШ Украинаны каржылабай тургандыгын, бирок НАТО аркылуу берген куралдарына акча аларын бир нече ирет айткан жайы бар.
"Трамп бул согушту каржылоону токтотту, бирок Кошмо Штаттар НАТОго куралдарды мурдагысындай эле арбын сатууда", — деп Левин журналисттерге айткан.