Өлкөдө сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Өткөн аптада Бишкек жана Ош шаарларынан алынган үлгүлөрдөн грипптин А/H3N2 жана В-1 түрү аныкталган. Акыркы бир жуманын ичинде өлкө боюнча курч респиратордук вирустук инфекциянын 8 миңдей учуру катталды. Алардын 65 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт. Буга мектеп менен бала бакчалардагы байланыш себеп болду.
Мындан улам мектептерде жана бала бакчаларда кандай чаралар көрүлдү? Курч респиратордук инфекция менен гриппти кантип айырмаласа болот? Кантип ооруну алдын алса болот? Быйыл вакцинация кандай жүрдү? Эмдөөнү кечиксе деле алса болобу? Же кайсы учурда алган эффективдүү болот?
ушул жана башка сооболдорубузга Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин алдыңкы адиси Султан Суранбаев жооп берди.