Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Бишкекте эртең жана бүрсүгүнү ЖККУнун саммити өтүп, Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын президенттеринин келиши күтүлүүдө. Бул туурасында мамлекет башчынын администрациясынан билдиришти. Аталган уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы катары президент Садыр Жапаров кезектеги жыйынды өткөрөт. Жыйында Владимир Путин, Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Эмомали Рахмон жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоодон тарта бир топ маселени талкуулайт. "Жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара иш алып барууларын өркүндөтүүгө, аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылууда", — дешти администрациядан. Айтмакчы, 26-27-ноябрдагы бул иш-чара ЖККУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болмокчу.
Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына бир күндө 421 бейтап кайрылып, анын 163ү жаткырылды. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, ооруканада жылдагыдай эле кошумча керебеттер даярдалган. "Келгендерди "орун жок" деп кайра жөнөткөн жокпуз. Жылдагыдай эле кошумча керебеттер даярдалган. Чынында кезек көп. Анткени балдарды ата-энеси же башка туугандары алып келет. 10-15 бала болсо, коштоочулар менен 30дан ашып, коридорлордо киши көп көрүнүүдө. Биз биринчи кезекте дене табы көтөрүлүп, калтырак баскан же дем алуусу кыйындаган балдарды кабыл алабыз", — деди Аалиев.
Кемин районундагы Долпран алтын кенинин башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, "Кемин Ресурс Групп" ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө Кытайдын аталган жараны көптөгөн мыйзамдарды бузганы аныкталган. Кенде экологиялык талаптар кандай аткарылып жатканын текшерүү үчүн буга чейин комиссия түзүлгөн. Натыйжада Долпран кенинде 14 398 чарчы метрлик жердин бети талкаланганы, лицензиялык келишимдин шарттары аткарылбастан коопсуздук эрежелери бузулганы аныкталды. Экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Долпран кенинин ишмердүүлүгү ири өлчөмдө зыян келтирген.
АКШ Украинада тынчтык орнотууга аракетин баштагандан бери анын айланасында калпыс маалыматтар, ушак-айың, күнөөлөө көбөйүп кетти. Бул тууралуу америкалык администрациянын маалымат катчысы Каролин Левитт журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. "Кошмо Штаттар бир тарапка ыктоо менен диалог жүргүзүп жатат деген сөз таптакыр чындыкка коошпойт. Тынчтык орносун деп аракет кылып жүргөн мамлекеттик катчы Марко Рубионун, атайын өкүл Стив Уиткоффтун, президент Дональд Трамптын дарегине айтылган жалган маалыматтарды, ушактын деңгээлиндеги сөздөрдү көрүп-угуп жатабыз. Аларды тирешкен тараптын биринин кызыкчылыгын көздөп жатат дешүүдө. Чынында андай эмес", — деди Левитт. Ал талкууга катышкан украин тараптын пландын түзүлүшүнө салымы чоң экенин белгилеп, АКШ эки тарап менен тең тыгыз байланышта экенин кошумчалады.