Бишкек шаарында жыл сайын айыл чарба жана социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары сунушталган жарманке уюштурулуп, ага жергиликтүү дыйкандар, өндүрүүчүлөр жана кол өнөрчүлөр катышат. Алар өзү өндүргөн продукцияларын шаар тургундарына түз сунуштап, базарга салыштырмалуу арзан баада сатышат. Иш-чаранын башкы максаты – ортомчусуз сооданы камсыз кылып, бишкектиктерди сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу. Тургундар жаңы түшүмдөгү жашылча-жемиштерди, сүт, эт жана башка керектүү айыл чарба продукцияларын таба алышат. Бул аянт дыйкандар үчүн да маанилүү болуп, аларга өз өндүрүшүн таанытып, жаңы кардар табууга шарт түзөт. Жарменкеге катышууну каалагандардын саны өсүп жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жанакайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк секторунун башчысы Искак Анарбеков маалымдады.