Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 25–26–27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. “Сапар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтөт жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат.
Кыргызстандын Россияда билим алып жаткан жарандары армияга алынбайт. Бул туурасында Россотрудничество агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев айтты. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингге катышкан. Зульхарнеевдин айтымында, социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Россияда армияга алып кетип жатыптыр деген сөздөр тарап жатат. "Бул жалган. Армияга аскердик каттоодо турган жана Россиянын жарандарын алышат. Башка өлкөнүн жараны студент болуп келет. Аны аскердик каттоого тургузуп, армияга алып кетет деген нерсе жок. Келгиле, түйшөлбөй, ойлонбой окуй бергиле", — деди ал. Зульхарнеев кыргыз жаштарына Россиядан билим алуунун кыйынчылыгы жоктугун кошумчалады.
Учурдагы көп уюлдуу дүйнөдө мүмкүн болушунча көбүрөөк объективдүү жана текшерилген маалымат булактарына ээ болуу Кыргызстан менен Россияга маданий жалпылыкты сактоого жардам берет. Бул тууралуу Россия президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титов билдирди. Ал Бишкектеги "Номад ТВ" телеканалынын ачылыш аземине катышты. "Эки элди достук жана коңшулук алака түбөлүк байланыштырып турат. Бул жаңы нерселерди жаратууга, өнүгүүгө, экономика, билим берүү, маданият жана маалымат тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Титов. Ал жаңы долбоор өз ара урмат-сыйга жана ишенимге негизделген дагы бир достук көпүрөсүнө айланарына ишеним артты. Белгилей кетсек, Кыргызстанда "Номад ТВ" телеканалы ачылды.
Кремль АКШнын Украина боюнча планын ЖМКлар арлыкуу талкуулоону туура көрбөйт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. "Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан нерселерди салыштырууну сунуштап жатасыздар. Жарыялангандар канчалык чындыкка дал келерин биз билбейбиз. Бул — өтө орчундуу, татаал маселе, ЖМКга чыккан билдирүүлөргө таянып талкуулоо мүмкүн эмес", — деди Кремлдин өкүлү. Песковдун айтымында, Россия сүйлөшүүлөргө ачык жана дайым даяр, ЖМКларга чыккан макалаларга да көз салып турат, бирок расмий каналдар аркылуу келген маалыматтарга таянууну туура көрөт. "Буга чейин көргөн планга Женевадагы жолугушуудан кийин толуктоолор киргенин уктук. Күтө туралы. Диалог уланып жатса керек. Азырынча расмий эч нерсе ала элекпиз", — деди президенттин маалымат катчысы. Ал Россия менен АКШ делегациялары бул жумада жолукпай турганын кошумчалады.