Бишкекте жыл соңуна чейин дагы 1080 ипотекалык батир ээсине берилери айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик ипотеканын алкагында курулуп жаткан "Мурас" турак жай комплексинде жылдын соңуна чейин 1080 батир пайдаланууга берилет. Бул туурасында президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.
Ал эми калган блоктор келерки, тагыраагы, 2026-жылдын соңунда ээлерине тапшырылып калары айтылды. "Мурас" мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулмакчы.
Аталган жерге барган президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев подрядчы компанияларга сапат маселесине өзгөчө көңүл буруу боюнча талап койду.
Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык үйлөр курулуп жатат