БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Ак үйдөн АКШ менен Украина Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча консультацияларды улантууга макулдашканын билдиришти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жолугушуу жалпысынан тараптар бирин-бири түшүнгөн маанайда өткөнүн, сүйлөшүү дагы бир кадамга жылууну шарттаганын айтышкан. Мындан аркы өз ара алака туруктуу тынчтыкты орнотуудагы маанилүү кадам болуп калары кошумчаланды.
Эске салсак, Женевага АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, АКШ президентинин атайын чабармандары Стив Уиткофф, Жаред Кушнер жана АКШ армиясынын министри Дэниел Дрисколл барган.
"Алар украин делегациясы менен кеңири жана жемиштүү жолугушуу өткөрүп, учурда талкууланып жаткан акыркы келишимдин долбоорлорун карап чыгышты. Жалпысынан ачык жана өнөктөштүк маанайда, жалпы максатты көздөгөн шартта өттү", — деп айтышкан.