БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Анын айтымында, визит эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот. Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара кызматташуу маселелери каралат.
"Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат", — деди Абдумуталип.
Ал ошондой эле сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө, соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюларын кошумчалады.
Мамлекеттик сапар 27-ноябрда жыйынтыкталат.