Эстония, Литва жана Латвиянын дээрлик бардык аймагы Балтика боюндагы чабуул койгон операциянын жүрүшүндө бошотулду.
Согушта немецтердин "Түндүк" деп аталган тобунун 26 дивизиясы зыян тартып, дагы үчөө толугу менен жок кылынган. Советтик аскерлер Германиянын чыгыш тарабындагы чектерине жетет. Немецтик бөлүктөрдүн калган-катканы "Курляндия курчоосуна" кептелген. Алар 1945-жылдын 10-майында гана колго түшүп беришкен.
Аймакты бошотуу 71 күнгө созулуп, фронт 1000 чакырым жайылса, ал эми тереңдеп кирип барган жерлери 400 чакырымга жеткен.