15 сомдук түтүктү 3500 сомдон алган. УКМК Таластагы ири мыйзам бузууну аныктады

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Таласта суу эсептегичтерди орнотууда мыйзам бузуу аныкталып, мамлекетке 23 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 2

Таласта суу эсептегичтерди орнотууда мыйзам бузуу аныкталып, мамлекетке 23 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

2 / 2

Маалыматка караганда, 2019-жылы Талас шаарынын "Таза суу" муниципалдык ишканасы подрядчы ишкана менен 6000 суу эсептегичти орнотуу боюнча 349 миң еврого келишим түзгөн

Маалыматка караганда, 2019-жылы Талас шаарынын "Таза суу" муниципалдык ишканасы подрядчы ишкана менен 6000 суу эсептегичти орнотуу боюнча 349 миң еврого келишим түзгөн.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө берилген эсептегичтер иштебей турганы, болжол менен 580 эсептегич жок экени, 4 миң метр полиэтилен түтүктөрүнүн метри кымбаттатылып 3500 сомдон (чыныгы баасы 15 сом) сатып алынганы аныкталды", — деп айтылат кабарда.
Белгилей кетсек, подрядчы ишкана өөнөп алган каражатты толугу менен кайтарып берген.
Бюджетке 18 млн. сом зыян келген. Подрядчы ишканалардын жетекчилери кармалды