Баткенде шахта урап, 110 метр тереңдикте камалып калгандар куткарылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Баткендин Сүлүктү шаарында "Адахан" шахтасы урап, жер астында камалып калган төрт киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык, кечээ, 23-ноябрда, болгон. Жер астында кен казып жаткандар 110 метр тереңдикте урандыга камалып калышкан.
"Куткаруучулар алгач түтүк менен аба жеткиришкен. Күжүрмөндүк менен уранды тазаланып, түнкү саат 23:05те аман-эсен чыгарып алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек мэри өрт чыккан үйдүн тургундары менен жолугуп, ооруканадагыларды көрдү