Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган сапарынын программасы белгилүү болду

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Владимир Путиндин 25-26-27-ноябрдагы Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик сапарынын программасы белгилүү болду. РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтканын РИА Новости жарыялады.
Маалыматка ылайык, 25-ноябрда Путинди аэропорттон Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алат. Алар Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, андан соң президенттер “Ала-Арча” резиденциясында бейрасмий форматта баарлашат.
26-ноябрда “Ынтымак ордодо” расмий жолугушуу аземи өтүп, андан соң Кыргызстан — Россия сүйлөшүүлөрү пландалган. Жыйынтыгында лидерлер биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле бир катар өкмөттөр аралык жана коммерциялык документтерге кол коёт. Документтер алмашылган соң, президенттер сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча билдирүү жасайт, андан кийин мамлекеттик кабыл алуу уюштурулат.
Сүйлөшүүлөр жана мамлекеттик кабыл алуу бүткөн соң Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушат. Ошол эле күнү ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары катышкан түшкү тамак уюштурулат.
27-ноябрда Путин ЖККУнун саммитине катышат. Алгач мамлекеттердин лидерлери тар курамда баарлашат. Андан кийин лидерлер кеңейтилген курамда ишин улантат. Ошол жерде Путин 2026-жылы Россиянын ЖККУдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын баяндайт. Андан соң жалпысынан 19 документке кол коюу аземи өтөт.
Таалатбек Масадыков ЖККУнун башкы катчысы болот. Ал тууралуу эмне белгилүү