Ошто 55 гектар жерди жеке жактарга берген деп "Кадастрдын" өкүлү кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүүгө жана трансформациялоого айыпталып жатат.
"Тергөө учурунда шектүү бир нече кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, 55,36 гектар жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мамлекеттик акт түзүп бергени аныкталган", — деди атайын кызмат.
Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.
Көк-Жар айылынын 172-контурундагы 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды