Нарын шаарына жаңы автобустар менен атайын техникалар алынды

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Нарын шаарына 11 автобус жана 12 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, техника сатып алуу үчүн президенттин Турукташтыруу фондунан 230 миллион сом бөлүнгөн.
1 / 3

Нарын шаарына 11 автобус жана 12 атайын техника тапшырылды

2 / 3

Техниканы тапшыруу салтанатына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты

3 / 3

Маалыматка караганда, техника сатып алуу үчүн президенттин Турукташтыруу фондунан 230 миллион сом бөлүнгөн

"30 орундуу заманбап үлгүдөгү автобустар жакынкы күндөрү каттамга чыгат. Учурда бажылык тариздөө иштери аткарылууда", — деди мэрия.
Техниканы тапшыруу салтанатына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Бишкекте таштандыны иштеткен заводго тиричилик калдыктары жеткириле баштады