Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль АКШнын Украина боюнча планын ЖМКлар аркылуу талкуулоону каалабайт

Sputnik
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кремль АКШнын Украина боюнча планын ЖМКлар арлыкуу талкуулоону туура көрбөйт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан нерселерди салыштырууну сунуштап жатасыздар. Жарыялангандар канчалык чындыкка дал келерин биз билбейбиз. Бул — өтө орчундуу, татаал маселе, ЖМКга чыккан билдирүүлөргө таянып талкуулоо мүмкүн эмес", — деди Кремлдин өкүлү.
Песковдун айтымында, Россия сүйлөшүүлөргө ачык жана дайым даяр, ЖМКларга чыккан макалаларга да көз салып турат, бирок расмий каналдар аркылуу келген маалыматтарга таянууну туура көрөт.
"Буга чейин көргөн планга Женевадагы жолугушуудан кийин толуктоолор киргенин уктук. Күтө туралы. Диалог уланып жатса керек. Азырынча расмий эч нерсе ала элекпиз", — деди президенттин маалымат катчысы.
Ал Россия менен АКШ делегациялары бул жумада жолукпай турганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШ президентинин администрациясы Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча 28 пунктудан турган план даярдаганы белгилүү болгон. Анда негизинен тынчтыктын орношу, Украинага кепилдик, Европадагы коопсуздук жана АКШнын тирешкен эки тарап менен мамилеси сыяктуу төрт негизги бөлүк камтылган. Бул планды өлкө лидери Дональд Трамп жактырганы белгиленген болчу.
Россия президенти Владимир Путин АКШнын сунушу Украинада тынчтык орнотууга негиз болуп бериши мүмкүн экенин белгилеген.
Кечээ Женевада Европа жана Украинанын өкүлдөрү жолугуп, аталган сунушка кошумча киргизишкен.
Киев "түзөтүү, толуктоолордон" кийин тынчтык планына макул болгону айтылды