БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Украина өкүлдөрү Женевадагы жолугушууда сунушталып жаткан тынчтык планынын долбоору Киевдин кызыкчылыктарына жооп берерин тастыктады. Бул тууралуу Ак үй билдиргенин РИА Новости жазды.
АКШ президентинин администрациясы сүйлөшүүлөр натыйжалуу болгонун айтып, аны "олуттуу кадам" деп мүнөздөгөн. Маалыматка караганда, украиналык делегация Киевди түйшөлткөн бардык маселелер камтылганын ырастады. Анын ичинде коопсуздук кепилдиктери да бар.
"Тактоо жана түзөтүүлөрдөн кийин учурдагы долбоор өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын чагылдырат. Жакынкы жана узак мөөнөттүү келечекте өлкөнүн коопсуздугун камсыздайт. Украина документ ишенимдүү жана аткарууга мүмкүн болгон механизмдерди камтыйт деп эсептээрин билдирди", — деп айтылат Ак үй тараткан маалыматта.
Белгилей кетсек, Женевадагы жолугушуудан кийин консультациялык сүйлөшүүлөрдү улантуу чечими кабыл алынган.
Украинада тынчтык орнотуу планы
Буга чейин Вашингтон Москва менен украин жаңжалын токтотуу боюнча жаңы пландын тегерегинде купуя сүйлөшүп жатканы айтылган. 28 пунктудан турган сунушта тынчтык, Украинага кепилдик, Европадагы коопсуздук жана АКШнын тирешкен тараптар менен келечектеги мамилеси камтылган. Ак үйдөн планды АКШ президенти Дональд Трамп жактырганын айтышты.
Чет элдик ЖМКлардын жазганына караганда, планда төмөнкүлөр да каралган:
АКШнын коопсуздук кепилдиги үчүн Донбассты толугу менен Россиянын карамагына берүү;
Запорожье жана Херсон облустарындагы кагылышууну жүрүп жаткан жеринен токтотуу;
Донбасс менен Крымды Россиянын аймагы катары расмий таануу;
Киевге америкалык жардамдын кыскартылышы;
Украинада чет өлкөлүк аскер күчүн жайгаштырууга тыюу салуу;
Киевдин Россиянын тереңине сокку уруучу куралга ээ болуусуна жол бербөө;
Православ чиркөөсүнө расмий макам берүү жана орус тилин мамлекеттик тил деп жарыялоо;
Россияга салынган санкцияларды алуу.
Reuters басылмасынын жазганына караганда, Вашингтон Владимир Зеленскийге планга кол коюшу керектигин кыйыткан.
Ал эми шаршемби күнү Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков планга РФ менен АКШ лидерлеринин Аляскадагы макулдашуусунан тышкары жаңы эч нерсе кошулбаганын билдирди.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Улуу Британия, Франция жана Германия кошумчалап киргизген документте НАТО Украинада аскер жайгаштырбай турганы айтылган. Бирок ага "тынч мезгилде" деген эскертүү кошулган. Ошондой эле планда Крым менен Донбасты де-факто Россияныкы деп таануу тууралуу пункт жок.
Европалыктар сунуштаган толуктоодо төмөнкүлөр камтылган:
тынч учурда Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын 800 миң кишиден ашырбоо (америкалык планда 600 миң);
Киевге АКШнын коопсуздук кепилдигин НАТО уставынын 5-беренесине ылайык берүү;
Украинага ЕБге кирүү жана НАТО мүчөлөрүнүн баарынын макулдугу менен альянска кирүү укуктарын берүү (АКШ планында Украинанын НАТОго кирбей турганы Конституция менен бекитилмек);
украин инфраструктурасын жалпылап калыбына келтирүү, мында россиялык тоңдурулган активдерди тартуу менен "финансылык компенсация" да каралган;
Россия экономикасын акырындап дүйнөлүк экономикага аралаштыруу, санкцияларды этабы менен алуу, келечекте "Чоң сегиздикке" кошуу;
Россиянын Украина менен Европа мамлекеттерине кол салбай турганын мыйзам чегинде бекитүү;
Украинанын Өзөктүк куралду жайылтпоо боюнча келишимдин алкагында өзөксүз макамы;
Запорожье АЭСин МАГАТЭнин көзөмөлү менен кайра иштетүү, анын генерациясын Россия менен Украинага тең бөлүү;
кагылышуу жүрүп жаткан жерден аймак алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Украина үчүн коммерциялык максатта Днепрден тоскоолдуксуз өтүү;
туткундарды жана өлгөндөрдүн сөөгүн алмашуу;
макулдашууга кол коюлгандан кийин "тез арада" президенттик шайлоо өткөрүү (АКШ планында шайлоо 100 күн ичинде өтөрү так көрсөтүлгөн).