БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов РФ президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титовду кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Байсалов Титовду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын иши эки тараптуу кызматташуунун мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болоруна ишенерин билдирди.
Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү маселелерди жана анын келечегин, стратегиялык өз ара кызматташууну бекемдөөнү талкуулады. Андан сырткары, ведомстволор аралык байланыштарды кеңейтүү, социалдык-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну да сүйлөшкөн.