БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын боло турган жыйынына байланыштуу 25-27-ноябрь күндөрү "Ош" жана "Сары-Өзөн" базарлары иштебейт.
Мэриянын маалымат кызматы бул ири иш-чарадан улам бир катар объектилер менен транспорттордун ишине чектөө киргизилерин айтты.
Ошондой эле мектептер да эртеңден, тагыраагы, 25-ноябрдан баштап 2-декабрга чейин окутуунун онлайн форматына өтө турган болду. Андан мурдараак милициянын төрт миңден ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштээри айтылган.