ЕАЭБ өлкөлөрү кыргыз тамекисине кызыгууда — сорттор жана технологиялар

Sputnik
Акыркы жылдары Кыргызстандын тамекиси кайрадан дүйнөлүк рынокко чыга баштады. 2025-жылдын 9 айы боюнча, Россия, Казакстан (ЕАЭБ мүчөсү)жана Грецияга экспортолгон. Тамеки өстүрүүдө негизги көйгөйлөр кайсылар? Аларды чечүү үчүн кандай иштер пландалууда? Экспорт үчүн кайсы тамеки сорттору эң ылайыктуу деп эсептелет? Жергиликтүү сорттордун өзгөчөлүгү эмнеде жана алар эл аралык стандарттарга жооп береби? Кыргыз тамекисин өстүрүүдө кандай жаңы технологиялар колдонулуп жатат. Ушул жана башка суроолорго Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисовдон жооп ала алдык.