Россия кыргызстандыктарга ЖОЖдордон 700 акысыз орун беретМинистр ичимдик менен тамекинин саткан жерин, убактысын чектөө керектигин айттыЖККУнун жыйынынан улам Бишкектин мектептери алты күн онлайн окуйт. Алдыда кененирээкЖамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкектеги жыйынына байланыштуу мектептер 25-ноябрдан баштап 2-декабрга чейин окутуунун онлайн форматына өтөт. Бул тууралуу мэрия билдирди. Мындай кадам чоң көчөлөрдүн маал-маалы менен жабылып турарына байланыштуу экени айтылды. "Окуу программасы үзгүлтүккө учурабайт. 2-декабрдан баштап окуу кадимки форматта уланат. Жогорку окуу жайларынын студенттери 25-27-ноябрь күндөрү аралыктан окуйт", — дешти муниципалитеттен. Буга чейин милициянын төрт миңден ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштей турганы айтылган.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев зыяндуу азыктардын, тагыраагы, арак менен чылымдын жеткиликтүүлүгүн азайтыш керектигин айтты. Ал "Кабар" улуттук маалымат агенттигине интервью берген. "Өнүккөн мамлекеттерде алкоголду түн ичинде, мисалы, саат 22:00дөн эртең мененки 9-10го чейин сатууга тыюу салынган. Ресторандарда болот, бирок кымбат. Түнкү ондон кийин криминал: жол кырсыгы, зомбулук, үй-бүлөдөгү зомбулук, бейбаштык, көчөдөгү мушташ башталат. Анткени адамдар көп ичип алат, ичимдик жеткиликтүү. Аракты каалаган супермаркеттен сатып алат, 24 саат, жети күн иштейт. Тамекини да ар бир эле азык-түлүк дүкөнү сатпаш керек", — деген министр. Министр өнүккөн өлкөлөрдү мисал келтирип, бир куту тамеки 10 евро, тагыраагы, 1500 миң сомго чукул экенин белгиледи. Ал жакта элдин ден соолугу чың экенине жана узак жашай тургандыгына токтолду. Министр жашоо чөйрөсүн, мыйзамдарды өзгөрткөндө, зыяндуу нерселердин жеткиликтүүлүгүн азайтканда элде мындай нерселерден алыс болуш керек деген түшүнүк пайда болуп, мамилеси өзгөрөрүн кошумчалады.
Россия кыргызстандыктарга стипендия жана жатакана менен камсыздаган жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн бюджеттик 700 орун берет. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди. Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү. Окууга арыздар 15-декабрга чейин сайт аркылуу кабыл алынат. Зульхарнеевдин айтымында, квота инженерия, медицина, педагогика, IT, чыгармачылык искусство, айыл чарба, укук, экономика жана башка багыттар боюнча бар. Программа боюнча орто мектепти бүтүргөндөр (бакалавр жана адистик даражасы үчүн), буга чейин жогорку билимге ээ болгон жана магистратурада, аспирантурада, ординатурада же ассистентурада окууну пландап жаткандар да кайрыла алышат.Кабыл алуу боюнча консультациялар Бишкек жана Ош шаарларындагы "Русский домдо" өткөрүлөт. Борбор калаада талапкерлер үчүн жеке жана онлайн-жолугушуулар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 16:00дө, ишемби күндөрү саат 12:00дө өткөрүлөт.
Таласта суу эсептегичтерди орнотууда мыйзам бузуу аныкталып, мамлекетке 23 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка караганда, 2019-жылы Талас шаарынын "Таза суу" муниципалдык ишканасы подрядчы ишкана менен 6000 суу эсептегичти орнотуу боюнча 349 миң еврого келишим түзгөн. "Текшерүүнүн жүрүшүндө берилген эсептегичтер иштебей турганы, болжол менен 580 эсептегич жок экени, 4 миң метр полиэтилен түтүктөрүнүн метри кымбаттатылып 3500 сомдон (чыныгы баасы 15 сом) сатып алынганы аныкталды", — деп айтылат кабарда. Белгилей кетсек, подрядчы ишкана өөнөп алган каражатты толугу менен кайтарып берген.