Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук 25–45 жаштагы жарандар арасында көп кездешет. Ички иштер органдарынын маалыматына ылайык, зомбулукка кабылгандардын 94 пайызын аялдар, 6 пайызын эркектер түзөт. Башкы прокуратуранын 2025-жылдын алты айына карата статистикасында 10 миң 75 билдирүү катталып, алардын ичинен 310 факты боюнча кылмыш иши козголгон. Үй-бүлөдө негизинен физикалык, психикалык жана экономикалык зомбулуктун түрлөрү кездешет. Көйгөйдү азайтуу жана алдын алуу максатында мамлекеттик органдар, жарандык коом өкүлдөрү жана Акыйкатчы институту биргелешип маалыматтык, укуктук жана социалдык колдоо иштерин жүргүзүп келишет. Мына ушул темада Акыйкатчы институтунун балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Умаржан кызы Курманжан маалымат берди.