Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Кыргызстанда NOMAD телеканалы ишин расмий баштадыЕвропа Трамптын Украинага жардамын токтоторуна даярданып жататБийликти басып алууга даярданган деп шектелгендер тергөө абагына киргизилди. Алдыда кененирээкКылмыш-жаза кодексинин "Бийликти басып алууга даярдык көрүү" беренеси менен шектүү катары кармалгандар №1 тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев жана Кубанычбек Кадыровдор 2026-жылдын 27-январына чейин камакта болот. Аталган иш боюнча кармалган калган айыпталуучулар дагы тергөө абагына киргизилген. Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ парламенттик шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданган топ кармалганын билдирген. Алардын арасында саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мамлекеттик жана күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери бар. Милициянын маалыматы боюнча, алар уюшкан кылмыштуу топторду, спорт менен шугулдангандарды жана тарапкерлерин башаламандык уюштурууга үндөп, күч колдонууга тартууну көздөшкөн. Шектүүлөр өлкө боюнча бир нече митинг өткөрүүнү пландаштырышканы айтылат.
Кыргызстанда NOMAD телеканалы ишин расмий баштап, каналды ачуу салтанаты Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болду.Бул кыргыз-орус биргелешкен долбоору жана Кыргызстандын мамлекеттик каналдары менен кызматташып, НТВнин программаларын алып көрсөтөт.Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов маалымат мейкиндигин жаңы өң-түс, жаңы дем менен толукташ үчүн кесипкөй телеканал жетишпей жаткан деген пикирин айтты. "Балким кимдир бирөө муну жактырат, кимдир бирөө жактырбайттыр, бирок буга чейин да интервьюда бүгүн Кыргызстан орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенин айткан элем. Баарыбыз маалыматты орус тилинде кабыл алабыз, көпчүлүгүбүз орусча ойлойбуз, орус адабияты менен тарбияландык. Кимдир бирөө биздин тазаланып, тарбиялык иш жүргүзүшүбүздү каалашы мүмкүн… Ал эми мен, мисалы, ушул орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү болгонума абдан кубанам", — деди Байсалов. Ал эми РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул медиаресурс өлкөлөрдү дагы жакындатат деген оюн билдирди. Ал эми Россия президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Вадим Титов алаканы жакындатат деген пикирин айтты.
Европа АКШ президенти Дональд Трамптын Киевди колдоону токтоторуна даярданып жатканын Financial Times европалык аткаминерге таянуу менен жазды. "Бул биз даярданып жаткан сценарий сыяктуу болуп калды", — деген басылманын маектеши. Washington Post буга чейин өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен эгер Украина Вашингтон сунуштап жаткан тынчтык планына макул болбосо, аскердик колдоо токтой турганын кыйытууда жеп жазган. Британиянын Guardian басылмасы АКШ Киевди келишимди кабыл алууга мажбурлап жатканын, болбосо кийинки макулдашуунун шарты кыйла катаал болорун эскерткенин билдирген болчу. Ал арада АКШ президенти кечээ Украинанын бийлигин жакшылыкты билбегендер деп сыпаттап, "жетекчилик" деген сөздү тырмакчага алып койгон.