Медиктерге жана мугаимдерге кол көтөргөндөргө жазаны күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынды. Эми бул адистерге кол көтөргөн, ден соолугуна залал келтирген адамдарга 20 миң сомдон баштап айып салынып, 8 жылга чейин эркиндигинен ажырайт. Бүгүнкү программада медиктер менен мугалимдерге болгон мамиле, ардактуу кесип ээлери эмнеге ардакталбай калганы, мыйзам долбоору толук иштеп кетиши үчүн кандай механизмдер керектиги тууралуу кенен баарлаштык. Сарыбаев медицина жаатында санариптик жактан оптималдуу жаңылануу керектигин айтты. Ал эми мугалимдерди ата-энелер баалабай, айрым учурда манипуляция да жасалып жатканын Батырбеков белгиледи.