Батышта Киевди колдоо иш жүзүндө башкача экенин айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Европа Украинага "Киев биздин жардамдын арты менен Москваны жеңет" деп убада берип, ушул кезге чейин алдап келди. Бул тууралуу The Telegraph гезитине таянып РИА Новости агенттиги жазды.
"(Европага — ред.) Киевдин 60 миллиард доллар деп саналган бюджеттик тартыштыгын жапканга акчасы, Россияга каршы ар тараптан коргонууну камсыздаганга курал-жарагы жетпейт. Ал эми РФке карата кандайдыр бир каршылык көрсөтүүгө такыр эле чама-чаркы жок", — деп айтылат маалыматта.
Гезиттин жазганына таянсак, европалык лидерлер дагы деле чоң саясатта кандайдыр бир ролду ойноп жаткандай түрдө. Бирок иш жүзүндө каржы жагынан да, аскердик жаатта да көптөн бери андай болбой калган.
"Европалык саясатчылар Киев ишине ушунчалык берилгендигин айтып Украинаны дагы, өздөрүн да алдап келишет, бирок сандар кашкайган чындыкты көрсөтүп турат", — деген автор.
Мурдараак Америка университетинин Өзөктүк изилдөө институтунун директору Питер Кузник европалык лидерлер Украинаны колдоо маселесиндеги өздөрүнүн алсыздыгын, шалаакылыгын көрүп турушарын айткан. Кузник Киевди колдоо уланууда деген ураандар уланып жатканы менен Евробиримдиктин коомчулугу Украина көйгөйүнөн чарчап, биримдиктин экономикалык абалы кескин түрдө начарлап баратканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский элге кайрылуу жасап, Украина оор тандоонун алдында калганын айтты