БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. ИИМ шайлоодон кийин массалык башаламандыкка камданган топтун ишине бөгөт коюп, шектүү катары 10 адамды кармаганын кабарлады.
Топко саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурунку мамлекеттик кызматкерлер, күч структураларында иштеп кеткендер киргени айтылды.
ИИМдин маалыматы боюнча, кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүк аймактан баштап митингдерди өткөрүүнү пландашкан. Конституцияга каршы чакырыктарды таштап, маанилүү административдик имараттарды басып алууну көздөшкөнү белгиленген.
Тинтүү учурунда алардан курал-жарак, ок-дары, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, митингдерди каржылоо боюнча документтер, иш планы жана баңгизат табылган.
10 киши тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.