БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Мыктыбек Оролбай UFC уюмунун Катарда өткөн турнириндеги кармашта атаандашы шведдик мушкер Жек Херманссонду биринчи раундда нокаут менен жеңди.
Ал ар бир беттеши укмуштуудай кызык өтүп жүргөнүн, келечектеги чемпион экенин белгилеген.
"Мен — торго камашса бузуп чыккан тоолук, нагыз мушкермин. Бардыгыңарды жакшы көрөм. Кыргызстан, алга!" — деди Оролбай.
Спортчуга сөз берилгенде ата-энесине, бир туугандарына, күйөрман болгон ар бир кыргызстандыкка жана президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге колдоо үчүн ыраазылыгын айткан.