Министр дарыны жарнама кылууну токтотууну баса белгиледи

Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда дары-дармекти жарнамалоого тыюу салуу керек. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген интервьюсунда айткан.
Ал кыргызстандыктар дарыны өтө эле көп колдоно тургандыгын, бул туура эместигин билдирген. Элди дары-дармек менен камсыздоо жеке рынокко берилгенин, алар пайда алууну гана көздөй турганын белгилеген.
"Дарыкана канчалык арбын болсо, дары-дармек ошончолук көп сатылат да, бейтаптар ошончо көп ичишет. Ошондуктан дарыкананын санын да азайтыш керек. Темекини, ичимдикти реклама кылууну токтоттукпу. Туура, эми дарыны жарнамалоону да токтотуш керек. Себеби бейтап рекламадан көрүп алып эле сатып алууда. Аны дарыгер жазып бериши керек. Кереги жок болсо эмнеге боор, бөйрөктү өлтүрүп, аны ичип жатасың?" — деген министр.