Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен суу, электр кубатын берүү боюнча макулдашты

Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери сууну, электр кубатын бири-бирине берүү, жеткирүү боюнча протоколго кол койду. Бул туурасында Энергетика министрлигинен кабарлашты.
Документте Кыргызстанга канча электр кубаты бериле тургандыгы жана жайында Казакстан менен Өзбекстандын суу менен камсыздалышы каралган. Бул — мурдагы макулдашуулардын жаңыланган түрү.
Ошондой эле өлкөлөр аймактагы электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү боюнча макулдашкан.
Ал эми өзбек тарап транзит жана энергетикалык системаны теңдештирүү үчүн техникалык шарттарды камсыздоого даяр экенин билдирген.
Министр Ибраев өлкөдө электр кубатынын тартыштыгы жок экенин айтты