Келлог Украина аймактарынан баш тартууга барышы мүмкүндүгүн айтты

Sputnik
БИШКЕК, 23-ноя. — Spitnik. Киев айрым аймактардан баш тартуу маселесине байланыштуу оор чечимдерди кабыл алууга туура келет. Бул туурасында АКШ президентинин Украина боюнча чабарманы Кит Келлог айтканын РИА Новости жазды.
Ал АКШ кырдаалды чечүү маселесине жакын турганын белгиледи
Келлог буларга токтолду:
Украинанын коопсуздук кепилдиктери тынчтык келишимге кошумча, өзүнчө пункт катары жазылып киргизилет;
АКШ адегенде жаңжалды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюуну Украинадан талап кылып, андан кийин гана ошол эле макулдашууну Россияга сунуштап, көндүрүшү мүмкүн;
Украина шайлоо өткөрүүгө милдеттүү болот. Келишимге ылайык, шайлоо 90 күндүн ичинде болушу ыктымал;
Украина эч качан аймактын жоголушун тааныбайт жана Куралдуу күчтөрдүн саны азайбайт деген Украинанын БУУдагы өкүлүнүн сөздөрү азыркы кырдаалга туура келген позиция эмес;
АКШ Минск келишимдериндеги кайталоону каалабайт жана келечектеги келишимдин аткарылышына жарым-жартылай кепилдик берүүгө даяр.
Зеленскийдин 48 млрд. долларлык махинациясы. АКШ ишти ачыктоого даярданууда