БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Балдарыбыз тынчтыкта жашашы үчүн бардыгын жасашыбыз керек. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Бишкектеги Орус тили жана маданият борборунун ачылышында айтты.
Дипломат азыркы заманда кооптуулуктар, көйгөйлөр улам көп жаралып жатканына — эл менен элди кагыштырууга, коркунучтарды, тобокелдиктерди жаратууга аракеттер күчөгөнүнө токтолду.
Захарова борборду көрүп, кичинекейлер менен бирге сүрөт да тартты. Дипломат балдардын өзүн эркин алып жүргөнү жана борбордо өз үйүндөй сезип жүргөнү аны кубантканын айтты.
Захарова борборду көрүп, кичинекейлер менен бирге сүрөт да тартты. Дипломат балдардын өзүн эркин алып жүргөнү жана борбордо өз үйүндөй сезип жүргөнү аны кубантканын айтты.
"Келечегибиз болгон балдар бейпил заманда, тынчтыкта жашагандай аракет кылышыбыз керек. Достук курулай сөз болбошу, кызматташуубуз майнаптуу болушу шарт. Балдар мекенин, өзүнүн маданиятын, элин сүйүп чоңойгону маанилүү", — деди дипломат.
Дипломатбул жайдын көп тармактуу экендигин жана балдар менен жаштарга ылайыкталганын кошумчалады.
Эске салсак, Бишкекте "Евразия" уюму биринчи ирет Орус тили жана маданияты борборун ачты. Ал жерде орус тилин үйрөнүүгө, баарлашууга, окууга, өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бар экени айтылды. Борбордо тил курстары, театр жана чыгармачылык студиялар, медиамектеп, дискуссиялык клубдар жана мугалимдер үчүн программалар иштемекчи.