БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. 24-ноябрь, дүйшөмбүдө, күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология кызматы таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Талас аймагында +10...+15, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын жергесинде +5...+10 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +13...+15 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында +15...+17 градуска жетет.