Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин маалыматына ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын республикалык бюджети 1 миллиард доллар профицит менен чыккан. Кирешелер:9 ай ичинде 4,9 млрд доллар Чыгашалар: 3,9 млрд доллар Эсептөөлөрдө финансылык эмес активдердин сатып алуу-сатуусу да эске алынган. Өткөн жылы ушул эле мезгилде профицит 0,5 млрд долларды түзгөн эле. Кыргызстан — Евразия экономикалык союзунда быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгында республикалык бюджетинде профицит көрсөткөн жалгыз өлкө болуп калды.
Учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу жана Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде карантиндик чараларды киргизүүгө эч кандай негиз жок. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн аптада Бишкекте курч респиратордук вирустук инфекциялардан улам окуучулардын сабакка келбей калуу көрсөткүчү болгону 3,2 пайызды түзгөн. Онлайн окутууга окуучуларды эрте кетирүү чечими балдардын 20-30 пайызы курч респиратордук вирустук инфекциялардан улам гана келбей калганда кабыл алынат. Мектептерде окуучулардын сабакка катышуусун көзөмөлдөө өлкө боюнча уланууда. Эскерте кетсек, 10-ноябрдан 16-ноябрга чейин өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча 7966 учур катталган. Бул учурлардын 65,5 пайызы (5200 учур) 14 жашка чейинки балдар болгон.
Бишкектеги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине көмүр сатып алуу үчүн акчалай жардам берилди. Бул тууралуу мэрдин отун жана энергетика боюнча орун басары Нургазы Курманбеков шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бюджеттен 1427 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана эки уюмга 8,6 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Каражат толугу менен которулган. Мурда көмүр менен камсыздоонун ордуна акчалай компенсация 6000 сом экени кабарланган. Жалгыз бой пенсионерлерге жана кам көрүүгө муктаж адамдарга күйүүчү май жеткирүү үчүн 700 сомдон 900 сомго чейин кошумча төлөмдөр берилет.
Дайыра Асанов атындагы Жеңиш паркында мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусу менен массалык дарак отургузуу акциясы өттү. Иш-чара SPARK компаниясынын экологиялык демилгеси алкагында уюштурулганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Парк аймагына 60тан ашуун липа, клен жана башка дарактар отургузулду. Мэр шаардагы отургузулган дарактардын сапатын көзөмөлдөөнү «Бишкекзеленстрой» ишканасына тапшырды. Ошондой эле: 2026-жылы 50 миңден ашык көчөт отургузуу пландалып жатат. 2025-жылы муниципалитет 15 миңден ашуун дарак отургузган. Ар бир район өз түсүндөгү лента менен көчөттөрүн бөлүп белгилейт.