“Жаш акын” республикалык кароо-сынагы жарыяландыКеллог Украина аймактарынан баш тартууга барышы мүмкүндүгүн айттыКыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу жана электр кубатын бири-бирине берүү, жеткирүү боюнча протоколго кол койду Алдыда кененирээкКыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу жана электр кубатын бири-бирине берүү, жеткирүү боюнча протоколго кол койду Документте Кыргызстанга канча электр кубаты бериле тургандыгы жана жайында Казакстан менен Өзбекстандын суу менен камсыздалышы каралган. Бул мурдагы макулдашуулардын жаңыланган түрү. Ошондой эле өлкөлөр аймактагы электр энергияны керектөөнү азайтуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү боюнча макулдашкан. Өзбек тарап транзит жана энергетикалык системаны теңдештирүү үчүн техникалык шарттарды камсыздоого даяр экенин билдирген.
Калктын 11 пайызынын психикалык жактан жабыркашына негатив маалыматтар себеп. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигине билдирген. Анын айтымында, бул расмий статистикалык маалымат. Себеби, бул Республикалык психикалык борборлорго кайрылган адамдардын саны. Мындан сырткары кайрылбаган жарандардын саны дагы көп. “Кайрылгандардын бардыгын психикалык оорулуу деп айтууга болбойт. Алардын арасында депрессия, тынчсыздануу жана нерв системасынын бузулуусу сыяктуу көйгөйлөр менен кайрылгандар көп”, - деди министр. Ал дүйнө жүзү боюнча мындай тенденция байкалып жатканын кошумчалап, негизги себептердин бири – маалымат тармагындагы терс мазмундагы контенттин көптүгү экенин белгиледи.
“Жаш акын” республикалык кароо-сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сынак жаш акындарга чыгармачыл талантынын ачылышына, поэзия дүйнөсүндө биринчи кадамдарын жасоого жана өз үнүн коомго угузууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Катышуучулар болгону 5 автордук ырын жөнөтүү керек. Өтүнмөлөр 5-декабрга чейин кабыл алынат. Ырларды жөнөтүү үчүн электрондук дарек: jashakyn2025@gmail.com Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган. Бардык катышуучуларга атайын белектер берилет.
Киев айрым аймактардан баш тартуу маселесине байланыштуу оор чечимдерди кабыл алууга туура келет. Бул туурасында АКШ президентинин Украина боюнча чабарманы Кит Келлог айтканын РИА Новости жазды. Ал АКШ кырдаалды чечүү маселесине жакын турганын белгилеп, буларга токтолду: Украинанын коопсуздук кепилдиктери тынчтык келишимге кошумча, өзүнчө пункт катары жазылып киргизилет; АКШ адегенде жаңжалды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюуну Украинадан талап кылып, андан кийин гана ошол эле макулдашууну Россияга сунуштап, көндүрүшү мүмкүн; Украина шайлоо өткөрүүгө милдеттүү болот. Келишимге ылайык, шайлоо 90 күндүн ичинде болушу ыктымал; Украина эч качан аймактын жоголушун тааныбайт жана Куралдуу күчтөрдүн саны азайбайт деген Украинанын БУУдагы өкүлүнүн сөздөрү азыркы кырдаалга туура келген позиция эмес; АКШ Минск келишимдериндеги кайталоону каалабайт жана келечектеги келишимдин аткарылышына жарым-жартылай кепилдик берүүгө даяр.