Министр дарыканалардын санын азайтуу зарылдыгын айттыЗеленскийдин 48 млрд. долларлык махинациясын АКШ ачыктоого даярдануудаИИМ шайлоодон кийин массалык башаламандыкка камданган топтун ишине бөгөт койдуИИМ шайлоодон кийин массалык башаламандыкка камданган топтун ишине бөгөт коюп, шектүү катары 10 адамды кармаганын кабарлады.Топко саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурунку мамлекеттик кызматкерлер, күч структураларында иштеп кеткендер киргени айтылды. ИИМдин маалыматы боюнча кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүк аймактан баштап митингдерди өткөрүүнү пландашкан. Конституцияга каршы чакырыктарды таштап, маанилүү административдик имараттарды басып алууну көздөшкөнү белгиленген. Тинтүү учурунда алардан курал-жарак, ок-дары, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, митингдерди каржылоо боюнча документтер, иш планы жана баңгизат табылган. 10 киши тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Кыргызстандыктар дарыга абдан көп каражат коротот, дарыканалардын санын азайтыш керек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигине билдирген. Анын айтымында, 10 жыл мурун жүргүзүлгөн изилдөөдө мамлекет саламаттык сактоого канча каражат бөлсө, жарандар дагы ошончо көлөмдө каражатты дарыга коротушаары аныкталган. "Дарыканалардын санын кыскартып, дары-дармекти жарнамалоого тыюу салышыбыз зарыл. Кантип тамеки жана спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салсак, дал ошондой эле чараны дарыларга да колдонушубуз керек”,- деп белгиледи министр.Чечейбаев азыр бейтаптар сыналгыдан дарынын жарнамасын көрүп алып эле, дарыгерге кайрылбастан сатып алып жатышканын белгилеп, бул жарандардын саламаттыгына кооптуу экенин кошумчалаган.
Мыктыбек Оролбай атаандашын биринчи раундда эле нокаут менен жеңди Кыргызстандык спортчу шведдик мушкер Жек Херманссон менен беттешкен. Ал ар бир беттеши укмуштуудай кызык өтүп жүргөнүн, келечектеги чемпион экенин белгилеген. "Мен торго камашса бузуп чыккан тоолук, нагыз мушкермин. Бардыгыңарды жакшы көрөм. Кыргызстан, алга!" — деди Оролбай. UFC уюмунун турнири Катарда өттү. Оролбай уулуна сөз берилгенде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге колдоо үчүн ыраазылык билдирди.
АКШ Владимир Зеленскийдин 48 миллиард долларлык алдамчылыкка катыштыгы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга даярданып жатат. Бул тууралуу ЦРУнун мурдагы кызматкери Ларри Жонсон Эндрю Наполитанонун YouTube каналында билдирди. "Зеленскийдин айланасында айтылып жаткан коррупциялык иштер, 100 миллион доллар майда эле нерсе. АКШ буга чейин жөнөтүлгөн 48 миллиард долларды издеп жатат. Анын басымдуу бөлүгү Зеленскийдин эсептерине которулган. Элестеткиле, миллиарддаган акча!" — деген Жонсон. Ал каражат бөлүшүү схемаларына Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кая Каллас да кызыкдар болгонун белгилеген. "Каллас эмне үчүн жаңжалдын уланышына кызыкдар? Акчанын көбү Эстониянын банктарына кеткен. Зеленский АКШ менен кызматташса, өмүрү менен кош айтышарын түшүнүп турса керек", — деген мурунку офицер.