БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги рейд маалында мыйзамдуу талапка баш ийбеген айдоочу кармалганын билдирди.
Тартип сакчыларынын айтымында, айдоочу качып кетүүгө аракет кылган. Текшере келгенде анын айдоочулук күбөлүгү жана автоунаанын тиешелүү документтери жок экени аныкталган. Мындан тышкары, жол эрежелери бузулгандыгы үчүн төлөнбөй жүргөн 68 700 сомдук айып чыккан.
Жыйынтыгында айдоочу 7 500 сом төлөмөр болуп, машина айып короого токтотулду.